Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

Депутаттар Талды-Булак кениндеги абал менен таанышат


Бүгүн Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетинин Кеминдеги Талды-Булак Сол-Жээк кениндеги абал боюнча көчмө жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңешке кенде чалгындоо иштеринин жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар боюнча жергиликтүү кеңеш депутаттары арыз жазган.

Талды-Булак-Сол жээк кени Кеминдин Орловка айылында жайгашкан. Анда чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан “Алтын-Кен” ишканасы быйылкы жылдын биринчи жарымында алтын каза баштоону мерчемдөөдө.

Талды-Булакта алтындан сырткары күмүш жана күкүрт да казып алынат. Изилдөөлөр боюнча, алтындын көлөмү 78 тоннага жакын. Жергиликтүү калк 60 пайызы Кытай компаниясына, 40 пайызы “Кыргыз алтын” ачык акционердик коомуна караган “Алтын-Кен” ишканасына каршы чыгып, бир нече жолу акция өткөрүшкөн. 2011-жылы сатып алган Кытай компаниясынын келишим мөөнөтү 2026-жылы бүтөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG