Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:11

Керри менен Лавров Сирия боюнча сүйлөшүү өткөрдү


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириядагы жарандык согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү өткөрдү.

Дүйшөмбү күнү Парижде өткөн жолугушуудан соңку биргелешкен маалымат жыйынында сүйлөп жатып, Жон Керри Сириядагы абал боюнча 22-январда Женевада эл аралык сүйлөшүүлөр өтөөрүн жарыя кылды. Анын айтымында, бул сүйлөшүүлөрдө Алеппо баштаган бир нече шаарда ок атууну токтотуу боюнча талкуу өтөт. Ошондой эле Керри жана Лавров Женевадагы сүйлөшүүлөр Сириядагы жаатташкан тараптардын бири-бирине туткундарды алмашууга жана гуманитардык коридорлорду ачууга мүмкүнчүлүк түзөт деген ишенимин билдирди.

Маалымат жыйынынын жүрүшүндө Лавров Орусия 22-январдагы сүйлөшүүгө Ирандын да катышуусун колдой турганын шардана кылды. Керри болсо расмий Тегеран бул сүйлөшүүгө катышуу үчүн Сириядагы бийликти өткөөл өкмөткө өткөрүү демилгесин колдошу керек деген шарт койду.

XS
SM
MD
LG