Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:02

Египетте жаңы конституция боюнча референдум өтүүдө


Египетте өлкөнүн жаңы конституциясы боюнча эки күндүк референдум башталды. Бул былтыр июнда исламчыл президент Мухаммад Мурси аскерлер тарабынан бийликтен кулатылгандан берки биринчи добуш берүү. Көбүн эсе дүниябий саясатчылардан турган комиссия иштеп чыккан жаңы баш мыйзамда 2012-жылы Мурси тушунда иштелип чыккан конституциядан айырмаланып, ислам жөнүндө эч сөз жок. Жаңы конституциянын колдоочуларынын айтышынча, жеке адамдын эркиндигине, ишеним эркиндигине жана аялдардын укуктарына кепилдик берилет.

14-январда добуш берүү башталар алдында Каир шаардык сотунун жанында бомба жарылып, имаратка зыян келтиргени маалымдалды. Армия коллдогон убактылуу өкмөттүн айтымында, референдум өлкөдө демократияны калыбына келтирүүдөгү маанилүү кадам. 53 миллиондой египеттик жаран шайлоо укугуна ээ.

XS
SM
MD
LG