Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Кыргызстан Тажикстандагы элчисин чакыртып алды


Кыргызстан өзүнүн Тажикстандагы элчисин консультация жүргүзүү үчүн чакыртып алды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков билдирди. Анын айтымында, мындай чечим 11-январда кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуяга байланыштуу кабыл алынды. Сыдыков мындай көрүнүш дипломатиялык тажрыйбада боло берээрин айтты. Бирок ушуну менен кыргыз-тажик дипломаттарынын ортосунда мамиле токтоп калбасын билдирди:

- Жок, андай эмес. Бул жаңжалды иликтөө жыйынтыктарына чейин болушу мүмкүн. Биз тажик тарапка көп суроолорду койгонбуз. Ошолорго жооп күтүп жатабыз. Эки жолу нота жөнөткөнбүз. Жашырбай айтса болот, мындай чара эки тараптуу кызматташтык деңгээлин төмөндөтөт.

11-январда Баткенде жолдун курулушуна байланыштуу жаңжал чыгып, ок атышуу болгон. Тажикстан артиллерияны колдонгон. Эки тараптан ондон ашуун адам жараат алган. Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай жолунун курулушун Кыргызстан мыйзамдуу деп эсептейт, ал эми тажик тарап ал жер талаштуу экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG