Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

Канттагы аскер өлүмүнө байланыштуу алты адам кызматтан алынды


Кант шаарында жайгашкан 33 665 аскер бөлүгүндөгү жоокердин өлүмү үчүн бөлүктүн командири, анын орунбасары жана ошол жерде иштеген үч кызматкер, Коргоо министрлигинин бир кызматкери жумуштан четтетилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин Тарбия иштер башкармалыгынын башчысы, полковник Эрнис Элеманов билдирди.

Кадамжай районунан кызматка чакырылган 20 жаштагы жоокер 10-январь күнү өзүн өзү асып алган. Анын сөөгү бөлүктүн унаа токтотуучу жеринен табылган. Ал өзүнүн куруна асынган. Өлүмдүн себептери азырынча маалым эмес.

Коргоо министрлиги окуя боюнча териштирүү жүргүзүп, ишти Бишкек шаардык гарнизондук аскер прокуратурасына өткөрүп берди.

Маркумдун сөөгү 12-январда туулуп-өскөн жерине жөнөтүлгөн.
Соңку жылдары кыргыз армиясында аскерлердин өлүмү тез-тез каттала баштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG