Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Москвада кыргызстандык мигранттардын абалы талкууланат


Орусияда жүргөн кыргызстандык мигранттардын көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн Москвага атайын топ жөнөп кетти. Бул жумушчу топтун курамында Тышкы иштер, Ички иштер, Эмгек, миграция жана жаштар, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин, Чек ара кызматынын, Социалдык фонддун жана өкмөттүк аппараттын кызматкерлери бар. Эки күн ичинде Москвада орус өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр өтүп, Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын абалын жакшыртуу маселелери талкууланат.

Расмий эмес маалымат боюнча, Орусияда бир миллиондун тегерегинде кыргызстандык мигрант бар. Соңку кезде миграциялык мыйзамдардын катаалдашына жана коомдогу антимигранттык маанайга байланыштуу алардын абалы оордоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG