Ошто жаңы шайланган мэр Айтмамат Кадырбаевдин кетиши талап кылынууда. Мындай талапты утулуп калган Мелис Мырзакматовдун тарапкерлери коюп жатат. Митингчилердин айтымында, чогулгандардын саны 40 миңге жетти. Ал эми милиция 5 миң, көз каранды эмес байкоочулар 10 миңдин тегерегинде киши чогулуп турганын билдирүүдө. (YI/RK)