Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:21

Текебаев: Оштогу шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого негиз жок


Ош шаарындагы бүгүн өткөн мэр шайлоонун жыйынтыгын тааныбай коюуга негиз жок. Мындай пикирин "Азаттыкка" "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Ал ошондой эле бүгүнкү окуя кырдаалдын курчушуна алып келбейт деген оюн айтты:

- Кимде-ким түштүктө ушундан улам чоң чыр чыгат деген болсо, алар терең жаңылат.

Ошону менен бирге Өмүрбек Текебаев Мелис Мырзакматовдун шансы да өтө чоң болгонун, бүгүнкү добуш берүүдө мэр бир нече добуш айырма менен гана шайланганын белгиледи.

Бүгүн Ошто шаардык депутаттардын 25и Айтмамат Кадырбаевдин, ал эми 19у Мелис Мырзакматовдун мэр болушу үчүн добуш берди. Мырзакматов шайлоо ыплас өткөнүн билдирди. Анын тарапкерлери добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, мэрияга чабуул жасаганга аракет кылып, бирок кайра тарап кетти. (AzK/RK)

XS
SM
MD
LG