Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Нарында жаштардын бизнес-форуму өтөт


27- 28 январь күндөрү Нарын жаштар ордосунда «Business Camp-2014» аталышындагы жаштардын бизнес-форуму болот. Бул тууралуу «Нарындын жаш лидерлери» коомдук бирикмесинин жетекчиси Эрлан Салбаев билдирди. Ага бардык райондордон жаштар катышып, Нарын облусунун шартына ылайыктуу бизнес долбоорлорун сунуштай алышат. Мыкты долбоор сунуштаган жаштар баалуу белектер менен сыйланат. Бизнес-форумда маркетинг, менеджмент, бизнести пландоо жана базар тармагын анализдөө жагы иш жүзүндө көсөтүлүп үйрөтүлөт. Иш-чарага 100дөн ашык жаш активист катышаары күтүлүүдө.

Бул форум «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен «Жаштар программасы» аркылуу «Нарындын жаш лидерлери» коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлүүдө. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG