Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

32 мектеп жана бала бакча мамлекетке кайтарылды


Кыргызстанда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 32 бала бакча жана мектеп кайрадан мамлекетке жана муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди. Анын айтымында, бала бакча имараттарынын мыйзамсыз негизде жеке колго өтүп кеткенине байланыштуу Баш прокуратура тарабынан 50 кылмыш иш козголгон. Соңку 17 жыл ичинде менчиктештирилип кеткен бала бакчалар боюнча учурда мекеме аралык комиссия да иштеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG