Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:53

Чек ара кызматы: тажик тарап туура эмес маалымат берүүдө


Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Шараф Файзуллаевдин жума күнкү “Чек арадагы атышуу Тажикстандын аймагында болуп, кыргыз тарап биринчи болуп ок чыгарды” деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Чек ара кызматынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын зардалы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Анын айтымында, 11-январдагы окуя Кыргызстандын аймагында орун алган. Тажикстан кыргыз-тажик тараптарынын ушул жылдын 7- 9-январдагы келишимдерин ачык бузган.

11-январда Көк-Таш - Ак-Сай -Тамдык унаа жолунун курулушуна тажик тарап каршы болуп, кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 аскер жараат алган.(SA)

XS
SM
MD
LG