Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Европалык кометачы космос кемеси кайра ишке киргизилет


Космосто 10 жылдан бери жүргөн европалык чөлмөк бүгүн кайра иштетиле баштайт. «Розета» кемеси үч жыл мурда энергияны үнөмдөш үчүн өчүрүлгөн эле. Эгер баары ойдогудай болсо, ал жыл аягына карата 67П кометасынын орбитасын айлана баштайт, ал тургай бул кометага чөлмөк жибериши мүмкүн.

«Розета» азыр Жерден 800 миллион чакырым аралыкта жүрөт, ал жиберген радио маалымат Калифорния менен Австралиядагы тыңшоочу бекеттерге 45 мүнөттө жетет.

XS
SM
MD
LG