Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:41

“Ата Мекен” коррупция боюнча мыйзам долбоорго кайра кайрылууну сунуштайт


Бул тууралуу фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев 21-январда “Азаттыктагы” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, коррупция боюнча жасалган кылмыштарды мөөнөтүнө карабай жазалоо мыйзамынын парламентте өтпөй калышына коррупциялык иштерге тиешеси бар адамдардын парламентте акча таратуусу себеп болду:

- Көп эмес, 500 доллардан акча таратылган, беш-алты депутатка. Барган сайын коркпостон, алар мыйзамга ачык каршы чыгып жатат. Башында коркуп, 88 депутат добуш берген. Кийинчерээк өтүп кетти, 31-декабрдан кийин кылмыштын эскилиги өтүп кетти деп эсептеп, алардын тарапкерлери айдан-ачык чыгып жатышат.

Текебаевдин айтымында, алар мыйзам долбоорун парламентке кайра сунуштамакчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG