Ош шаарынын жаңы мэри Айтмамат Кадырбаев өз ишинде биринчи кезекте мыйзамдуулукка көңүл бурат. Бул тууралуу ал бүгүн мэрлик кызматка расмий түрдө киришип жатып билдирди. Ал ошондой эле шаардагы коопсуздук жана элдин тынчтыгы негизги маселе экенин айтты. Мурдагы шаар башчы Мелис Мырзакматов баштаган жакшы иштер уланаарын кошумчалады.
Кадырбаев мэр болуп 15-январда шаардык кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыгында шайланган. Анын аттандашы, мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чоң митинг өткөргөн. Мырзакматов саясый күрөш жазында башталаарын айткан. (ErN/RK)