Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Сузак: Кутурма чыккан жерде адистер иштөөдө


Сузак районуна караштуу Ак-Мечит айылында кутурма оорусу катталды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Айылдын бир тургунунун уйуна алдын ала диагноз коюлуп, ал ветеринар адистин көзөмөлүндө союлуп, башы текшерүүгө жөнөтүлгөн.

Экспертизанын жыйынтыгында мал кутурма менен ооруганы аныкталган. Уйдун эти өрттөлүп, ветеринариялык эрежелерди сактоо менен көмүлгөн. Контактта болгон эки адам дарыгерлеринин көзөмөлүнө алынды.

Оору катталган аймакта мал жандыкты текшерүү, эмдөө жана жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG