Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

HRW АКШны дүйнөгө жаман үлгү көрсөтүүдө деп сындады


"Хюман Райтс Уотч" уюмунун билдиришинче, Кошмо Штаттар электрондук көзөмөлдөө программасы менен дүйнөгө коркунучтуу өрнөк көрсөтүүдө.

Эл аралык уюм бүгүн (21-январь) жарыялаган жылдык докладда айтылгандай, АКШнын береги программасы башка өлкөлөрдүн интернетти цензуралоосуна кеңири жол ачат. "Дүйнөлүк интернет байланышынын көбү АКШнын территориясы аркылуу өтөт же америкалык компаниялар тарабынан тейленгендиктен, Вашингтон жарандардын укуктарын сактоого жооптуу",- деп белгиленет докладда.

"Хюман Райтс Уочтун" аткаруучу директору Кеннет Роттун айтышынча, президент Обама өткөн жумада АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин адамдарды сыртынан көзөмөлдөөсү чектелет дегени андай коркунучка бөгөт койгонго жетишсиз чара.

XS
SM
MD
LG