Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

БУУнун комиссары Киевдеги кагылышууларга кабатыр


БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Украинанын жетекчилигин антиөкмөтчүл демонстранттардын митинг өткөрүүсүн катаалданткан жаңы мыйзамды токтотууга чакырды. Нави Пиллайдын билдирүүсүндө береги мыйзам адам укуктары боюнча эл аралык нормаларга ылайык келбегени белгиленет жана Киевде акыркы күнү протестчилер менен полиция ортосунда болуп жаткан кагылышууларга байланыштуу тынчсыздануу айтылат.

Өткөн аптада кабыл алынган жаңы мыйзам уруксатсыз көчө жүрүштөрүн өткөргөндөр төлөчү айып пулдун көлөмүн жана абак мөөнөтүн көбөйткөн.

XS
SM
MD
LG