Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:30

Ичкилик кымбаттайт


Кыргызстанда ичкиликтин баасы жогорулайт. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон акциздик салыкты көбөйтүү тууралуу токтом эки аптадан кийин күчүнө кирет. Ага ылайык, 1 литри 40 сомдук арак 60 сом болот. Жеңил алкоголдук ичимдиктердин 1 литринин баасы дээрлик эки эсе, 30 сомдон 60 сомго жогорулады.

Ичкиликтин акциздик салыгы Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү үчүн шайкеш келтирүү, өспүрүмдөрдүн арак сатып алуусуна бөгөт коюу жана бюджеттин кирешесин көбөйтүү максатында жогорулоодо. Өкмөттүн маалыматында, бул токтомдун ишке ашууусу менен бюджетке 430 миллион сом кошумча түшүшү керек. (RK)

XS
SM
MD
LG