Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Тогуз-Тородо мал уурдады деп шектелгендер Бишкектен кармалды


Райондун Дөдөмөл айылында жашаган эки адамдын төрт баш бодо малын уурдаган деп шектелип кармалган жергиликтүү беш кишинин экөө он тогуз жаштагы жигиттер болуп чыкты. Аларга карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоо жайына отургузулду. Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аларды Бишкек шаарынан кармап келишкен.

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда катталган 23 мал уурулук иштин он тогузунун бети ачылганын бүгүн облустук ички иштер башкармасынын басма сөз кызматы билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG