Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Пакистанда кудайга акаарат келтирген жаран өлүм жазасына тартылды


Пакистандын соту британ жаранын өзүн пайгамбармын деп, Кудайга акаарат келтирди деп айыптап, өлүм жазасына тартты. Теги пакистандык Мухаммед Аскар 2010-жылы Равалпинди шаарында кармалган. Ал камалар алдындагы бир катында өзүн пайгамбармын деп атаган. Сот Аскардын адвокатынын 65 жаштагы айыпталуучунун башында мандеми бар деген сөзүн четке какты. 2012-жылы Римша Масих деген христиан кыз кудайга акаарат келтирди деп Исламабадда камакка алынганда, эл аралык нааразылык жаралган. Римша Масихке коюлган айып жокко чыгарылып, тестиер кыз үй-бүлөсү менен Канадага көчүп кеткен.

XS
SM
MD
LG