Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:28

"Тез жет" Бишкек – Ош багытындагы каттамдарды азайтты


Авиаишкана мындан ары мурдагыдай жумасына жети жолу эмес, үч жолу эл ташыйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” компаниянын директору Алик Аскаров билдирди. Анын айтымында, тейлөө айдыңына кирип келген жаңы компаниялар билеттерди өтө эле арзандатып жибергени учак каттамдарын азайтууга мажбур кылды.

"Тез жет" 2012-жылдын 1-августунан тарта уча баштаган жана 1990-жылкы британиялык БАэ–146-200 учагына ээлик кылат. Негизинен Бишкек-Ош-Бишкек, Бишкек-Баткен-Бишкек каттамдарын аткарат. Аскаровдун айтымында, соңку күндөрү аба ырайына байланыштуу Баткенге каттамдар аткарылбай калууда.

Жергиликтүү авиакомпаниялардын бириндеги "Азаттыктын" ишенимдүү булагынын маалымдашынча, Бишкек – Ош каттамынын өз наркы 1500–1600 сом. Ал эми жаңы эле ачылган "Пегасус" билет бааларын өтө арзандатып, 740 сомдон саткан учурлары да болду. Булактын айтышынча, "Тез жеттин" Ошко рейстерин азайтуусу "Пегасустун" демпингинин түз жыйынтыгы.

"Пегасус" авиаишканасы ички авиакаттамдар базарына 20-декабрда кирген. Түркиялык авиакомпания аптасына 20 жолу борбордон Ошко Боинг–737 учагы менен каттайт.

Учурда Бишкектен түштүк калаага жумасына 66 каттамга чейин учуу аткарылат. Бул сан жайкы аэронавигациялык мезгилге салыштырмалуу 17 рейске көп. Бишкек – Ош – Бишкек багытын беш авиаишкана тейлейт. "Алар - "Эйр Кыргызстан", "Авиа Траффик Компани", "Скай Бишкек", “Пегасус” жана "Эйр Бишкек" авиаишканалары. (BAz)

XS
SM
MD
LG