Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Анбар провинциясында катуу согуш жүрүүдө


Провинциядагы негизги шаарлар Рамади жана Фаллужанын айрым бөлүгү дале ислам согушчандарынын колунда.

“Эркин Ирак” радиосунун кабарлашынча, провинциянын борбору Рамадиде катуу салгылашуулар болууда. Фаллужанын айланасындагы үч кыштакты “ал-Каида” менен байланыштагы козголоңчулар ээлеп турушат. Багдаддын түндүк ныптасындагы аскерий бекетке жасалган чабуул кезде Ирак армиясы беш аскерин жоготкону маалымдалды.

Бул арада Кошмо Штаттар Иракка 4,8 миллиард долларга 24 даана “Апачи” аскерий тик учарын сата турганын жарыя кылды. Вашингтон буга чейин Иракка Анбар провинциясынын айрым бөлүктөрүн жаңы жыл алдында басып алган согушчандарга каршы күрөшүүгө жардам берерин убада кылган.

XS
SM
MD
LG