Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:51

ИКУ: Быйыл Бишкек ислам маданиятынын борбору аталды


"Ислам кызматташтыгы" уюмунун чечими менен быйыл ислам маданиятынын борбору деп Бишкек шаары аталды. Бул тууралуу маданият министри Султан Раев бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтымында, буга байланыштуу бир катар маданий иш-чара уюштурулат. Маселен, Жалал-Абаддагы Шахвазилдин тарыхый комплексин оңдоо, Бернштамдын эмгектерин кайра басып чыгаруу жана Бишкекте мусулман өлкөлөрүнүн кинофестивалын өткөрүү пландалууда.

Султан Раев бул динге байланышпаган маданий долбоор экенин белгилеп, Кыргызстан светтик мамлекет, бирок мусулман дүйнөсүнүн бир бөлүгү экенин кошумчалады.

Ислам кызматташтыгы уюмуна Кыргызстандан тышкары 57 мамлекет мүчө. Буга чейинки жылдары Бакы, Ташкент жана Дүйшөмбү шаарлары ислам маданиятынын борбору аталган. Келерки жылы Алматы болмокчу. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG