Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

Орусия: ашынган улутчул тергөөчүлөр менен кызматташуудан баш тартты


Кубадан чыгарылган Максим Марцинкевичке кечээ экстремизм боюнча расмий айып коюлду, бирок Орусиянын тергөө комитетинин маалымат катчысы Виктория Хыленкова бүгүн «Тесак» же «Балта» деген каймана ат менен таанылган Марцинкевич тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып жаткандыгын билдирди.

Марцинкевич өткөн жылы бачабаздарга каршы «Оккупай Педофиляй» деген уюм ачкан эле. Уюмдун максаты - бачабаздарды шылдыңдоо жана кыйноо аркылуу "дарылоо" деп айтылган. Марцинкевич колдоочулары менен бир нече адамды "бачабаз" деп сабап, мазактаганы тартылган тасмалар интернетке чыккан. Декабрда Москванын соту Марцинкевичти сыртынан соттоого өкүм кылган. Эгер күнөөлүү деп табылса Марцинкевич беш жылга чейинки мөөнөткө кесилиши мүмкүн. Ал Кубада 17-январда визасынын мөөнөтү өтүп кеткендиктен камакка алынган эле.

XS
SM
MD
LG