Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Муфтият кумсаларга каршы фатва чыгарды


Кыргызстандын муфтияты кумсаларга каршы фатва чыгарды. Анда бир жыныстагы адамдардын сексуалдык байланышта болуусу өтө чоң күнөө болуп эсептелээри эскертилет.

Кечээ адам укугун коргоочу Human Rights Watch эл аралык уюму Кыргызстанда милициянын зордук-зомбулугуна кабылган кумсалардын укугун коргоо үчүн көз каранды эмес орган түзүлүшү керектигин айтып чыккан. Аталган уюм Кыргызстандын төрт шаарын кыдырып, 40 кумсанын пикирин сураганда алардын баары милиция кызматкерлеринин кордугуна кабылып жашап келатканын айткан.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов бул боюнча арыз келип түшпөгөнүн, эгер мындай окуя катталса, сөзсүз иликтенээрин "Азаттыкка" билдирген. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG