Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Өзбекстанда 6 активист табылбай жатат


Алардын арасында белгилүү өзбек фото сүрөтчүсү Умида Ахмедова жана анын уулу Тимур Карпов да бар. Алар шаршемби күнү жоголгонго чейин Ташкент полициясына чакырылган. Умида Ахмедова жана анын уулу Тимур Карпов жоголгонун күйөөсү Олег Карпов бейшемби күнү кабарлады. Жоголгондордун туугандары 6 активист полицияда байланышсыз отурушат деген пикирде.

Ташкент полициясы шаршемби күнү Умида Ахмедова жана анын уулу полицияда болгонун, бирок сурактан кийин бошотулганын тастыктады. Полиция аларды эмне үчүн кармаганын түшүндүргөн эмес. Жоголгондордун баары жакында Ташкенттеги украин элчилигинин алдында өткөн акцияга катышкан.

XS
SM
MD
LG