Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Украин парламентинде президенттин бийлигин чектөө талкууланат


Шейшемби күнү Украин парламенти президенттин ыйгарым-укуктарын чектөөнү талкуулайт. Оппозиция президент Виктор Януковичти кызматтан кетүүгө чакырууда. Сасык тумоодон кийин дүйшөмбү күнү кызматына киришкен Янукович Украина “экстремизм жана радикализмге, бийлик үчүн умтулгандардын коомду кайраштыруусуна жол бербейт” деп билдирген. Президент Януковичтин парламенттеги тарапкерлери эгерде кризистен чыгуунун башка жолу табылбаса, Янукович мөөнөтүнөн мурун шайлоого макул болорун билдирүүдө. Януковичтин өз пикири айтыла элек.
Орус бийлиги Украин оппозициясын “коркутуу жана ультиматум” жолунан баш тартууга, бийлик менен сүйлөшүп, кризистен чыгуунун жолун издөөгө чакырды. (AiT)

XS
SM
MD
LG