Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Куралдуу күчтөр бирдиктүү башкарууга өтөт


Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү бирдиктүү башкарууга өткөрүлөт. Бул тууралуу мыйзамга кечээ, 3-февралда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. Аны менен Коргоо жана куралдуу күчтөр жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизилип, Коргоо министрлиги менен куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын функциялары бөлүштүрүлмөй болду. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын базасында Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы түзүлөт. Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн башкаруу боюнча бирдиктүү борбор милдети жүктөлөт.

Мыйзам парламентте 29-январда кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG