Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

Саруу окуясы боюнча иш козголду


Саруу айылындагы өткөн жекшемби күнкү окуяга байланыштуу кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, иш "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу" жана "мүлккө атайылап зыян келтирүү" деген беренелердин негизинде ачылды.

2-февралда Жети-Өгүздүн Саруу айылында өтүп келаткан нааразылык акцияларына байланыштуу мурда издөөдө жүргөн жергиликтүү тургун, 33 жаштагы Айбек Сарыбаевди милиция кармап кеткен. Андан соң 100гө чукул киши райондук милиция имаратынын терезелерин таш менен талкалап, бир кызматкерди ур-токмокко алган. Ошол эле күнү алар Балыкчы - Каракол жолун Кашат деген көпүрөнүн тушунан кум төгүп, бууп салган. Жол дагы эле жабык турат. Кабарчыбыздын айтымында, Саруу айылынын чыга беришине бүгүн 2 боз үй тигилди. (MK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG