Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Кара-Кечедеги өлүм боюнча иш сотко өттү


Кара-Кече көмүр кениндеги адам өлүмү боюнча кылмыш иш иликтенип бүтүп, сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Мамбеталиевдин өлүмүнө шектүү деп кармалган эки милиционер өлкөдөн чыгып кетпөө тууралуу тил каттын негизинде соттун чечими менен камактан чыгарылган. Буга Бишкекте эки жолу өткөрүлгөн соттук-медициналык экспертизанын тыянагы негиз болгон. Анда Мамбеталиев ур-токмоктон эмес, өзү өлгөнү жазылган. Ал эми маркумдун жакындары ал милициянын колунан каза тапты деп эсептейт.

1-декабрда Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиев Кара-Кечеде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп Жумгалдын милиционерлерине карата кылмыш иш козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG