Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:54

Жогорку Сот “Улуттар Биримдиги” партиясынын арызын кароону 7-февралга которду


Адвокат Акжол Бердиевдин билдирүүсүнө караганда, Жогорку Сот 15-январдагы Ош шаарын мэрин шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча арызды кароону белгисиз себептер менен 7-февралга которуп койду. Сот ишти кароону 5-февралга белгилеген эле.

“Улуттар Биримдиги” партиясы 15-январдагы шайлоодо добуш берүүнүн купуялуулугу бузулган деп, шайлоону жокко чыгаруу талабы менен Жогорку Сотко кайрылган. 15-январдагы шайлоо учурунда Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициянын лидери Арфидин Аланов депутаттардын тобуш берүүсүн ачык көзөмөлдөгөнү көрүнгөн видеотасма интернетке коюлган. (AiT)

XS
SM
MD
LG