Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

“Республика” фракциясы өкмөттү кетирүү үчүн депутаттардын колун топтой баштады


Бул тууралуу "Азаттыкка" фракциянын лидери Назарали Арипов билдирди. Анын айтымында, алар өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу демилге көтөрүп, фракция лидерлерине тийиштүү катты жөнөттү. Депутаттардын колун топтоо башталды.

“Республика” фракциясынын дагы бир мүчөсү Нурбек Мурашевдин айтымында, өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн 40тан көп депутаттын колу топтолду жана маселени күн тартибине киргизүүгө мыйзамдык шарт түзүлдү. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев эгерде башка кимдир бирөө Кумтөрдөгү үлүштү 67% жеткире алса, анда кызмат ордун бошотуп берүүгө даяр экенин билдирип келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG