Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:13

Бүгүн Сочи олимпиадасынын ачылыш аземи болот


Ага Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууга байланыштуу маселелерди талкуулайт. Орус маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, кыргыз жана орус президенттери ишемби күнү жолугушат. Жалпысынан Сочи олимпиадасынын ачылыш аземине 65 өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышат. (AiT)

XS
SM
MD
LG