Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Аманкулов: Трелевскийдин даярдыгы жакшы


Сочиде өтүп жаткан кышкы олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргызстандык спортчу Дмитрий Трелевскийдин мелдешке даярдыгы жакшы. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов билдирди. Аманкуловдун айтымында, буга чейин Трелевский бир аз сыркоолоп жаткан. Учурда толугу менен айыгып, мелдешке даярданып жатат. Ал лыжа спортунун үч түрүнөн таймашка чыгат. 16-февралда супергигант, 19-февралда гигант слалом жана 22-февралда слалом боюнча мөөрөй талашат.

Коңшу өлкөлөрдөн олимпиадага Тажикстандан 2 спортчу, Өзбекстандан 3, Казакстандан 44 спортчу катышууда.(KMa/BkA)

XS
SM
MD
LG