Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Сирияга кеткени айтылган келиндин дареги билинди


Үч баласы менен Сирияга кетип калды деп айтылган кыргызстандык аял учурда Түркияда экени аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Январь айында Ош шаарынын тургуну Наргиза Кадыралиева бойго жете элек үч уулун алып, Сирияга кетип калганы кабарланган. Кадыралиева жихадга кеткенин чет өлкөдөн SMS аркылуу билдиргенин анын жолдошу Бабур Кадыралиев “Азаттык” радиосуна айтып берген.

Милиция кызматкерлери келиндин Түркияда экенин аныктап, аны менен телефон аркылуу байланышты. Наргиза Кадыралиева ал жакка соода кылуу максатында келгенин, Сирияга баруу максаты жок экенин, жакында үйүнө кайтып келерин билдирген. (SE/YI)

XS
SM
MD
LG