Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:56

Балыкчыда милицияны аткандар аныкталды


Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун маалымдаганына караганда, ок чыгаргандар алдын-ала маалыматтар боюнча кавказ улутундагы 25-30 жаштагы 2 адам болгон. Кечээ кечки саат бештерде кайгуулда турган Ысык-Көл облустук МАИ кызматкери менен Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери кара түстөгү BMW үлгүсүндөгү автоунааны катуу ылдамдыкта келе жатканына байланыштуу токтотмокчу болгондо, айдоочу баш ийбей Боом капчыгайын көздөй кете берген.

Аларды кууп баратканда Тоң районун Көк-Мойнок-1 деп аталган жерде качкан автоунаа бузулуп, токтоп калган. Милиция кызматкерлери унаадан түшүп, аларды көздөй баратканда МАИ кызматкерине ок атышкан. Экинчиси менен Балыкчы шаарынын ички иштер башкармалыгынын айдоочусу Бакыт Абдраев кармашып жатканда МАИ кызматкерине ок чыгарган адам аны кежигеге аткан. Анан алар чоң жолго чыгып, Ауди-6 үлгүсүндөгү автоунааны тапанча менен коркутутуп токтотуу менен из жашырып кетишкен.

Тинтүү учурунда BMW автоунаасынан бет кап, жасалма чач жана бычак чыккан. Учурда кылмыш иши козголду. Кызматкерлерге ок чыгарган жарандарды издөө чаралары көрүлүүдө.

Каза тапкан милиционер Бакыт Абдыраев Ысык-Көл районун Тору-Айгыр айылынан болгон. Анын үч баласы жетим калды. (MK;ZKo)

XS
SM
MD
LG