Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:50

Энергетикалык кырдаал талкууланды


Сууктун күчөгөнүнө байланыштуу электр энергиясын пайдалануу чегинен 257 млн. кВт-саатка ашып кеткен. Ал эми “Кыргызгаздын” карызы 20 млн. доллардан ашуун. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катышуусунда өткөн жыйында айтылды. Энергетика министринин орун басары Райымбек Мамыровдун маалыматы боюнча өткөн жылы бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясы үчүн 1 256 млрд. сом карыз, бул негизинен жоготууларга байланыштуу. Анын айтуусунда “акылдуу эсептегичтер” коюлуп, иштеп жатканы менен электр энергиясын пайдалануу чектен ашып кеткени таңкыстыкты жаратууда.
2013-жылы Кыргызстанда 13,9 млрд. кВт саат электр энергиясы иштелип чыккан, анын ичинен 375 млн. кВт сааты экспорттолгон.

“Кыргызгаз” ишканасынын сырткы карызы 20 млн. доллардан ашып түштү. Өткөн жумадан тартып Кыргызстанга газ берүү чектелген болчу. “Кыргызгаз” ишканасы муну аба ырайынын кескин суукташына байланыштуу коңшу Казакстан менен Өзбекстан көгүлтүр от берүүнү азайтканы менен байланыштырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG