Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Парламент Ооган согушунун ардагерлерин сыйлады


Ооган согушунун жети ардагери Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Сыйлыктар Ооган согушунун ардагерлеринин координациялык кеңешинин мүчөлөрүнө жана Кара-Суу, Базар-Коргон, Ат-Башы, Биринчи Май райондорундагы Ооган апаатынын ардагерлер кеңешинин төрагаларына тапшырылды.

15-февралда Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылганына 25 жыл толот.

Ооганстанга "интернационалдык кызматын өтөөгө" советтик аскер катарында 7 миң кыргызстандык жоокер жөнөтүлгөн. Анын 252си курман болуп, 1500ү жараат алган. Төртөөнүн али күнчө дайыны жок. (SE)

XS
SM
MD
LG