Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Тажик өкмөт өкүлдөрүнүн Бишкекке келиши азырынча анык эмес


Тажикстандын вице-премьер-министри Мурадоли Алимардон баштаган делегация чек ара маселесин сүйлөшүү үчүн Бишкекке келээр-келбеси так эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, тажик тарап иш сапар тууралуу эч кандай кабар бере элек.

Буга чейин Тажикстандын маалымат каражаттары 14-февраль күнү Бишкекте эки тараптуу сүйлөшүү болоорун жазып чыккан болчу.

Кыргыз-тажик чек арасы 11-январда болгон эки өлкө чек арачыларынын ортосундагы атышуудан улам жабык турат. Андан бери бир канча жолу өкмөт аралык сүйлөшүүлөр болду. (SE)

XS
SM
MD
LG