Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

Мектепке "Диний маданияттын тарыхы" сабагы киргизилет


Кыргызстандын мектеп программасына “Диний маданияттын тарыхы” деген сабак киргизилгени жатат. Билим берүү министрлигинде бул жаңы предметтин концепциясы иштелип чыкты. Бул боюнча атайын жумушчу топ иштеп жатат.

Жумушчу топтун төргасынын орун басары Мурат Иманкуловдун айтымында, окуучуларга диндер тууралуу маалымат берүү алардын ар кандай бузуку, терс агымдарга кирип кетишинин алдын алат. Иманкулов кошумчалагандай, “Диндер маданиятынын тарыхы” деген предмет 5-класстан тарта 11-класска чейин окутуу пландалып жатат. Балким ал предмет ушул жылдын сентябрь айында айрым мектептерге кирип келип калышы мүмкүн экен. Бул предметте негизинен салттуу же дүйнөлүк диндер саналган ислам, христиан, иудаизм, буддизм сыяктуу маалыматтар берилмекчи.(ZB/BkA)

XS
SM
MD
LG