Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:13

Ош: учак авариялык конууга аргасыз болду


Бүгүн эртең менен Ош аэропортунда Ош-Екатеринбург каттамындагы Аэробус А-320 үлгүсүндөгү учак авариялык конууга аргасыз болду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Урал аба жолдору” компаниясына таандык учак аэропорттун учуу тилкесинен көтөрүлүп жатканда куйругу менен жерге тийген. Мындан соң учак авариялык конууга аргасыз болгон. Окуядан учактагы 128 жүргүнчү жабыр тарткан жок. Учурда Жарандык авиация департаментинин кызматкерлери окуянын себептерин иликтеп жатышат.

Ал эми Ош аэропортунан “Азаттыкка” окуяга учактагы техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгонун билдиришти. Аэропорттун өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, бул каттамдагы учак алмаштырылып, жүргүнчүлөр Екатеринбургга сапар алышты.(BkA)

XS
SM
MD
LG