Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Сочи: Орусия алдыга чыга баштады


Сочиде өтүп жаткан кышкы олимп оюндарында Орусиянын курама командасы экинчи орунга чыкты. Алар 5 алтын, 7 күмүш, 6 коло медаль топтоду. Биринчи тепкичте дагы эле Германия келе жатат. Немистерде азыр 8 алтын, 3 күмүш, 2 коло медаль бар. Үчүнчү орунда 5 алтын, 5 күмүш, 7 коло менен Нидерланды ээлеп турат. Мелдеш башталгандан бери алгачкы үчилтикте келаткан Норвегия 5-орунга түшүп калды.

Кыргызстандык Евгений Тимофеев шаршембиде мелдешке чыгат. Ал 19-февралда гигант-слалом, 22-февралда слалом боюнча күч сынашат.

Машыгуу учурунда бутун сындырып алган Дмитрий Трелевскийнин ордуна катышуу үчүн Евгений Тимофеев Сочиге өткөн жумада барган.

7-февралда башталган кышкы олимпиада 23-февралда жыйынтыкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG