Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Киевде 10дон ашуун киши набыт болгону кабарланууда


Украин бийликтери алты полиция кызматкери каза таап, 100дөй полициячы, анын ичинде 40ка чукулу октон жарадар болгонун маалымдады.

Буга чейин кеминде беш карапайым адам өлүп, оппозициянын маалыматы боюнча 150дөн ашуун киши жарадар болгон. Алардын 30нун абалы оор деп айтылган.

“Азаттык” радиосунун Украин кызматы жарыялаган видеотасмада жерде жаткан эки жасат көрсөтүлдү. Бардыгы канча адам апаат болгону азырынча беймаалым. Маалыматтар боюнча жарадар болгон 150дөн ашуун кишинин 30 чактысынын абалы оор. Украинанын ички иштер министрлиги жана Коопсуздук кызматы оппозиция лидерлерине демонстранттарды тынчытууга, болбосо катуу чара колдонулуп, тартип орнотууга мажбур болоорун эскерткен. Шамга чукул Киевдин Төбөлсүздүк майданынын тегерегине көп сандагы полиция күчтөрү тартылды.

XS
SM
MD
LG