Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:59

БУУ: Украинадагы кризисти чукул иликтөө зарыл


Бириккен Улуттар уюму Украинадагы кан төгүүнү көз карандысыз жана чукул иликтөөгө чакырды. БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллай тараптарды «тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн чукул чара» көрүүгө үндөдү.

Ал эми Европа Биримдиги Украинага санкция киргизүүнү чукул караганы жатат. Европа Биримдигинин тышкы иштерин тейлеген Кэтрин Эштон Брюсселге чукул жыйын болоорун жарыялады. Эштондун маалымат катчысы Мая Кочиянчич
биримдиктин саясий жана коопсуздук комитети бардык мүмкүнчүлүктөрдү карай тургандыгын бышыктады.

Киевде өткөн түндөгү кагылыштарда 25 кишинин өмүрү кыйылды. Жүздөгөн адам жараат алды.

Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт кан төгүү үчүн президент Януковичти күнөөлөдү. Ал эми Орусия Украинадагы соңку окуяларды «төңкөрүш аракети» деп баалады.

XS
SM
MD
LG