Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Дирекция боюнча комиссиянын токтому жарыяланды


Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын токтому жарыяланды. Анда дирекция бир катар каржылык мыйзам бузууларга жол берип, курулуш иштерин сапатсыз жүргүзгөнү белгиленген.

Мындан улам депутаттык комиссия аталган дирекциянын ишин канааттандыраарлык эмес деп тапты. Токтомдо белгилгенгендей, Эсеп палатасы эки айдын ичинде кайрадан текшерүү жүргүзүшү керек. Ал эми укук бузууларга Башкы прокуратура баа берип, анын жыйынтыгы туралуу 15-апрелге чейин Жогорку Кеңешке маалымдашы керек. Учурда токтомду депутаттар талкуулап жатат. Бир аз убакыттан соң добушка коюлат. (BkA)

XS
SM
MD
LG