Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Украина: маанилүү жайларды коргоо кооптонуу жаратууда


Украинанын коопсуздук кызматынын дээрлик бардык жетекчилиги кызматтык ордун өз алдынча таштап кеткенин Жогорку Раданын улуттук коопсуздук мекемеси боюнча атайын өкүлү Валентин Наливайченко билдирди.

"Коопсуздук комитети байланышсыз, жетекчиликсиз, ДнепроГЭС сыяктуу стратегиялык жайларды кайтаруу планы жок калды", - деген Наливайченко тиешелүү адамдарды чукул арада кызматка даярдоонун зарылдыгын баса белгиледи.

Януковичтин «Региондор» партиясынын өкүлү Сергей Тигипко өлкөнүн борбордук райондорунда анын партиялаштырынын үстүнөн элдик соттор болуп жатканын билдирип, мындай өзүм билемдикти токтотууну суранды.

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсен Аваков жакынкы күндөрү Украинада башаламандык менен зордук-зомбулукту токтотуу үчүн бардык чаралар көрүлөөрүн айтты. Донецк, Луганск жана Харьков облустарында укук коргоо органдары күчтөндүрүлүп, тартип жолго салынаарын белгилеп, “бийликти өз алдынча басып алууну” токтотууга чакырды.

Буга чейин Жогорку Рада президент Януковичти, башкы прокурор Виктор Пшонканы, ички иштер министри Виталий Захарченкону кызматтан четтеткен. Президенттин милдетин парламенттин төрагасы Александр Турчинов аткарууда.

XS
SM
MD
LG