Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Сочи: Канада хоккейчилери чемпион болду


XXII Кышкы олимпиаданын акыркы алтын медалын канадалык хоккейчилер шведдерди 3:0 эсебинде уттуп, жеңип алышты. Жонатан Тейвз, Сидни Кросби менен Крис Куниц өз командасына упай алып беришти. Ошентип канадалыктар төрт жыл мурун Ванкуверде ээ болгон чемпиондук наамын сактап калышты.

Коло медалды Финляндиянын курама командасы 5:0 эсебинде америкалыктарды утуп жеңишти.

Кышкы Олимпиаданын медалдар тизмесинде Орусия (13 алтын, 9 күмүш, 22 коло), Норвегия (11 алтын, 5 күмүш, 9 коло) жана Канада (10 алтын, 10 күмүш, 5 коло), АКШ (9 алтын, 7 күмүш, 12 коло), Нидерланддар (8 алтын, 7 күмүш, 9 коло) сап башында турат.

XS
SM
MD
LG