Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

Бишкекте Орусиядагы мигранттардын абалы талкууланат


Бүгүн Бишкек шаарындагы "Парк-Отель" комплексинде мигранттар боюнча орусиялык серепчи Жанна Зайончковскаянын катышуусунда талкуу болот. Аны “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштуруп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фонддон билдиришти.

Иш-чара саат 17:00дө башталат. Анда мигранттардын укугу менен катар алардын социалдык абалы, журум-туруму, Кыргызстанда туруп аларга укуктук жардам берүү жаатында талкуулар болмокчу.

Расмий маалымат боюнча, учурда Орусияда 580 миң кыргызстандык жаран бар. Бейрасмий эсепте алардын саны 1 миллиондон ашат. (SE)

XS
SM
MD
LG