Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Транзит борбордун кара май менен камсыз кылуу миссиясы аяктады


Кечээтен тарта “Манас” аба майданындагы Транзит жүк ташуу борборунун учактарды кара май менен камсыз кылуу миссиясы аяктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган борбордун маалымат кызматынан кабарлашты. Борбордогу май куя турган учактар АКШга алынып кетти. Учурда жүк ташуучу учактар иштеп жатат.

“Манастагы” Транзит борбор жөнүндөгү кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2009-жылы кол коюлган. Ижара мөөнөтү 2014-жылдын соңунда аяктайт делген. Бирок былтыр 26-июнда Кыргызстан аны бир тараптуу денонсациялаган. Эми Транзит борбор быйылкы жылдын июнуна чейин чыгарылышы керек.

Транзит борбор аркылуу НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операциясына катышкан учактар тейленет. "Манас" аба майданын ижарага алганы үчүн АКШ өкмөтү Кыргызстанга жылына 60 миллион доллар төлөйт.(BkA)

XS
SM
MD
LG