Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Вашингтон Рогун ГЭСинин техника-экономикалык негизин күтүүдө


АКШ Мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ричард Хоугланд Тажикстандын Рогун ГЭСине инвестиция салуу жөнүндө долбоордун техника-экономикалык негизин Дүйнөлүк банк даярдап бүткөндөн кийин гана сөз кылуу мүмкүн деди.

Мартабалуу дипломат «Азаттык» радиосунун тажик кызматынын «Чоң плотиналарды тургузууга каршы АКШда кабыл алынган мыйзам Рогун жана Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушуна кандай таасир этет?» деген суроосуна береги мыйзам ири долбоорлордун курулушуна тоскоолдук кылбасын айтты. Ташкент береги эки ГЭС Өзбекстанды суусуз калтырат деп, алардын курулушуна каршы.

Хоугланд Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгарып кетүүгө токтолуп: "Жыл аягына, үстүбүздөгү жылы, согуш күчтөрү Ооганстанды калтырып кетет. Бирок бир нерсени ачык айтып койгум келет: Кошмо Штаттарда бул регионду калтыруу ниети жок. Биз региондогу бизге дос жана өнөктөш бардык өлкөлөр, анын ичинде Тажикстан менен иштеше беребиз",- деди.

XS
SM
MD
LG